> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нурдан Орунтаев: "Кыргызстан курулушчуларынын эмгек акысы Россияныкына теңелди"
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/11/04/nurdan-oruntaiev-kyrghyzstan-kurulushchularynyn-emghiek-akysy-rossiianykyna-tienieldi/
- Published: 2025-11-04T11:18:28.000Z
- Updated: 2025-11-04T11:18:28.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Кыймылсыз мүлк

**Кыргызстан курулушчулары Россиядагыдай эле айлык алып жатышканын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.**

Анын айтымында, өлкөнүн курулуш тармагында бүгүнкү күндө жумушчу күчү жетиштүү. Атайын жүргүзүлгөн саясаттын негизинде башка өлкөлөрдөн да жумушчулар тартылып жатат. Кытай, Индия жана Бангладештен келген жумушчулар көп.

> “Эмгек акыга келсек, азыркы тапта курулуш тармагындагы айлык Россиядагыдай деңгээлге жетти. Алсак, Россия Федерациясынан кайтып келген биздин жумушчулар, ошол жактаналган айлык маяналарын бизде деле алып жатышат. Мигрант өз мекенинде, үй-бүлөсүнүн жанында иштеп, эч кандай коопсуздук коркунучуна кабылбайт. Мындан тышкары, жумушчулардын укуктарын коргоо боюнча атайын тартиптер жана мыйзамдар иштелип чыгып, алардын укуктары мыйзамдуу түрдө корголуп жатат”,-деп белгиледи министр.

Ал Кыргызстан буга чейин жумушчу экспорттогон өлкө болсо, азыр жумушчу күчүн импорттогон мамлекетке айланганын баса белгиледи.