> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Президенттин Иш башкармалыгынын 9 айдагы кирешеси 10,3 млрд сомду түздү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/11/04/priezidienttin-ish-bashkarmalyghynyn-9-aidaghy-kirieshiesi-10-3-mlrd-somdu-tuzdu/
- Published: 2025-11-04T04:01:06.000Z
- Updated: 2025-11-04T04:01:06.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Президенттин Иш башкармалыгынын ведомстволук уюмдары 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен планды 111,3% деңгээлинде аткарып, иш жүзүндөгү кирешеси 10 млрд 357,2 млн сомго жетти. Бул тууралуу Каныбек Туманбаевдин төрагалыгы астында өткөн коллегиялык жыйында маалымдалды.**

Жыйында ведомстволук уюмдардын финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары, аткарылган иштер боюнча отчеттор жана келечектеги пландар каралды.

> Белгиленгендей, 2025-жылдын 9 айына карата пландын суммасы 9 млрд 304,5 млн сом деп бекитилген болчу, бирок иш жүзүндөгү киреше пландын көрсөткүчүн 1 млрд 52,7 млн сомго ашып, жалпы 111,3% деңгээлде аткарылган.

Мындан тышкары, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ведомстволук уюмдардын кирешеси 4 млрд 539,9 млн сомго, же 78%га көп болгон.