> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кафелердеги ККМ чектерде тейлөө акысы эмнеге ар башкача көрсөтүлөт?
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/11/05/kafielierdieghi-kkm-chiektierdie-tieiloo-akysy-emnieghie-ar-bashkacha/
- Published: 2025-11-05T10:21:52.000Z
- Updated: 2025-11-05T10:23:04.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Мамлекеттик салык кызматы коомдук тамактануу жайларында контролдук-кассалык чекте (ККМ) тейлөө акысынын көрсөтүлүшүндөгү айырмачылыктар боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.** 

Маалыматка ылайык, тейлөө акысын көрсөтүүнүн эки мыйзамдуу ыкмасы бар:

- ал өзүнчө сапта “тейлөө акысы” катары көрсөтүлөт;
- же болбосо товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы баасына кошулуп көрсөтүлөт.

> Эки ыкма тең туура болуп эсептелет жана салык төлөөчүнүн эсеп саясатына жараша тандалат. Негизгиси — бардык маалыматтар фискалдык чекте так көрсөтүлүшү зарыл.

Ошондой эле Салык кызматы коомдук тамактануу жайларында фискалдык программалык камсыздоону (ФПК) киргизүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырып жатканын маалымдады.

Долбоор эсептөөлөрдүн ачык-айкындыгын жогорулатууга жана накталай же накталай эмес төлөмдөрдү санарип форматта жүргүзүүгө багытталган.