> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Аймактарда өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмү былтыркыга салыштырмалуу арбындады
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/11/06/aimaktarda-onor-zhai-produktsiiasyn-onduruunun-kolomu-byltyrkygha-salyshtyrmaluu-arbyndady/
- Published: 2025-11-06T05:06:58.000Z
- Updated: 2025-11-06T05:06:58.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

КРнын Улуттук статистика комитетинин [“Кыргыз Республикасы жана региондорундагы абал”](https://stat.gov.kg/kg/publications/statisticheskij-byulleten-kyrgyzskaya-respublika-i-regiony/) тууралуу ар бир квалтал сайын берүүчү маалыматына караганда, өлкөнүн 7 дубанында өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмү былтыркыга салыштырмалуу арбындады.

> Былтыркы жылдын үчүнчү кварталына чейин өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмү **415 920,0 сом** болсо**, быйыл** 2025-жылдын үч кварталында **511 430,3 сомго барабар** болгон.

Аймактарга бөлүп караганда, өндүрүмдүүлүктүн жыйынтыгы төмөнкүдөй (млн.сом):

| Аймактар          | 2023-жылдын III чейреги | 2024-жылдын III чейреги | 2025-жылдын III чейреги |
| ----------------- | ----------------------- | ----------------------- | ----------------------- |
| Баткен облусу     | 4 714,3                 | 5664,9                  | 7 379,4                 |
| Жалал-Абад облусу | 35 819,8                | 40559,8                 | 41 458,2                |
| Ысык-Көл облусу   | 63 548,5                | 59341                   | 74 299,2                |
| Нарын облусу      | 2 909,5                 | 4014,3                  | 10 701,0                |
| Ош облусу         | 12 253,4                | 13716,5                 | 15 682,8                |
| Талас облусу      | 18 699,2                | 25781,1                 | 35 885,3                |
| Чүй облусу        | 151 758,3               | 178887,8                | 226 008,8               |

Мындан сырткары Бишкек жана Ош шаарларынын өнөр жай өндүрүмдүүлүгү дагы өткөн жылкыга салыштырмалуу жогорулаган. 

> Бишкек шаары былтыркы жылдын 3-кварталында 58 862,1 сом тапкан болсо, 2025-жылдын 3 кварталында 90 659,5 сом тапкан. Ал эми Ош шаарында бул көрсөткүч 2024-жылы 6844,9 болсо, быйыл 9356,1ге чейин жогорулаган.