> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Караколдо жашыл экономика жана жеке сектордун өсүшү талкууланды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/11/06/karakoldo-zhashyl-ekonomika-zhana-zhiekie-siektordun-osushu-talkuulandy/
- Published: 2025-11-06T03:49:51.000Z
- Updated: 2025-11-06T03:49:51.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Кечээ, Каракол шаарында GIZ Программасынын "Жашыл экономика жана жеке сектордун туруктуу өнүгүшү" боюнча Регионалдык Байкоочу кеңешинин жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.** 

Программа Германия Өкмөтүнүн, Европа Биримдигинин жана Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылууда.

Иш-чарага министрликтердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишкерлер ассоциацияларынын, жеке сектордун жана өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышышты.

Жыйында Программанын 2024-жылдын октябрынан 2025-жылдын октябрына чейинки ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жана алдыдагы пландары талкууланды. Катышуучулар “Жашыл саясат”, “Жашыл практикалар” жана “Жашыл тандоо” багыттары боюнча отчеттор менен таанышты.

Иш-чаранын жыйынтыгында өлкө аймактарында жашыл экономиканы өнүктүрүү жана жеке сектордун туруктуу өсүшүн камсыз кылуу боюнча сунуштар иштелип чыкты.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/2-3.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/3-2.jpeg)