> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын алгачкы мамлекеттик стейблкоини USDKG чыгарылды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/11/06/kyrghyzstandyn-alghachky-mamliekiettik-stieiblkoini-usdkg-chygharyldy/
- Published: 2025-11-06T06:02:23.000Z
- Updated: 2025-11-06T08:53:57.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Кыргызстан биринчи мамлекеттик стейблкоин USDKG чыгарып, аны Салыктык жана финансы рынокторун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы каттады. Эмитенти — «Виртуалдык активдер эмитенти» ААК, жалгыз түзүүчүсү Финанс министрлиги. Регистрациянын баасы 438,5 миң сомду түздү. Бул тууралуу** [**Economist.kg**](https://economist.kg/ekonomika/2025/11/06/kyrghyzstan-ofitsialno-vypustil-ghosudarstviennyi-stieiblkoin-usdkg/) **сайты жазды.** 

USDKG сомуна байланган жана Финансы министрлигинин активдери менен камсыздалган. Проекттин максаты — санарип экономикасын өнүктүрүү, каржылык ачыктыкты жогорулатуу жана трансчек ара эсептешүүлөрдү жеңилдетүү.

Президент Садыр Жапаров буга чейин улуттук стейблкоин KGSTти ишке киргизүүнү жана цифровой сомду тестирлөөнү тапшырган. USDKG алтын жана АКШ доллары менен камсыздалган.