> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кара-Кече ЖЭСинин курулушуна келишим түзүү  тендери ишке ашкан жок
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/11/07/kara-kiechie-zhesinin-kurulushuna-kielishim-tuzuu-tiendieri-ishkie-ashkan-zhok/
- Published: 2025-11-07T05:27:59.000Z
- Updated: 2025-11-07T05:27:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, #Жаңылыктар

**“Электр станциялары” ААКсы Кара-Кече ЖЭСинин курулушуна EPC-келишимин түзүүгө тендер ишке ашкан жок деп кабыл алынганын билдирди.**

Станциянын пландалган кубаттуулугу – 1 миң 200 мегаватт. 

- Биринчи этабы – 300 мегаваттан эки энергоблокту куруу. Куруу мөөнөтү – 36,5 ай.
- Экинчи этап – 600 мегаваттка бир блок. Объектини толук ишке киргизүү – 54,5 ай.

Үч блок толук курулуп бүткөндөн кийин жылдык электр энергиясын иштеп чыгуу 7,8 млрд киловатт-саат болушу керек.

ТЭСти Нарын облусунун Жумгал районунун Дыйкан айылынан 8 километр жогору 118 гектар жерге куруу пландашылган. 

Аталган участок Кара–Кече көмүр кенинен 35 километр алыстыкта жайгашкан. Биринчи этаптын баасын – 934,38 млн, экинчисин – 370,6 млн доллар деп баалашкан.

Тендер катышуучусу:

· 1 миң мегаватт кубаттуулуктагы ТЭСти долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо тажрыйбасы;

· жогорку чыңалуудагы электр линияларын жана подстанцияларды куруу тажрыйбас;

· эл аралык статус жана өлкө сыртында катталган 3төн кем эмес филиал;

· инжинирингдик кызматтарды сатуунун жылдык көлөмү(EPC-келишимди кошкондо)

· туруктуу штат – 100 кызматкерден кем эмес.

Эске салсак Кара-Кече ЖЭСи Кыргызстан энергетикалык коопсуздугуну негизги долбоорлорунун бири. Аны ишке киргизүү электр энергиясынын импортуна көз карандуулукту азайтат.