> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда пенсиялык топтоо каражатын 226 144 адам алды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/11/10/1-noiabrgha-karata-krda-piensiialyk-toptoo-karazhatyn-226-144-adam-aldy/
- Published: 2025-11-10T05:57:21.000Z
- Updated: 2025-11-10T06:09:18.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашоо сапатын жакшыртуу жана социалдык бакубаттуулугун камсыз кылуу максатында пенсиялык топтоо каражаттарын төмөнкүдөй учурларда пайдалануу каралган:

1\. Пенсия курагына жеткен жарандарга төлөп берүү;

2\. Чет өлкөдө туруктуу жашоо үчүн өлкөнүн чегинен тышка чыкканда;

3\. Мураскорлорго;

4\. Аскер кызматкерлерине төлөө;

5\. Ипотекалык насыялоого;

6\. Жумушсуздукка;

7\. Оор ооруларды дарылоого

> 2025-жылдын 1-ноябрына карата бул топтомону Кыргызстандагы 226 144 жаран (5 770,3 млн. сом суммасында) алган. Анын басымдуу бөлүгү пенсия курагына жеткендерге берилген –198 880 адам (3 061,1 млн. сом).

Эске салсак, ар бир жумушчунун эмгек акысынын 10 пайызы Социалдык фондго которулат да, анын 8 пайызы - пенсиялык фондго, ал эми 2 пайызы мамлекеттик пенсиялык топтоолор фондуна которулат.