> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эттин баасына жөнгө салуунун мөөнөтү 31-декабрына чейин узартылды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/11/11/ettin-baasyna-zhongho-saluunun-moonotu-31-diekabryna-chieiin-uzartyldy/
- Published: 2025-11-11T10:03:11.000Z
- Updated: 2025-11-11T10:03:11.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

Этке болгон баалардын мындан ары өсүшүнө жол бербөө, алып-сатарлык көрүнүштөрдүн алдын алуу жана эт (уй эти жана кой эти, сөөксүз эттен тышкары) рыногундагы кырдаалды турукташтыруу иши улантылууда. 

> Экономика жана коммерция министрлигинен маалымдагандай, калк үчүн бул социалдык маанилүү продукциянын баасынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуунун мөөнөтү 2025-жылдын 31-декабрына чейин узартылды.

Бул чараны узартуу ички рыноктун туруктуулугун сактоого жана баалардын өзгөрүлмөлүүлүгү сакталып турган шарттарда жарандардын кызыкчылыктарын коргоого багытталган.