> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Келечек» ипотекалык продуктусу аркылуу 52 үй-бүлө турак жайлуу болду
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/11/11/kieliechiek-ipotiekalyk-produktusu-arkyluu-52-ui-bulo-turak-zhailuu-boldu/
- Published: 2025-11-11T06:06:28.000Z
- Updated: 2025-11-11T06:06:28.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

Быйыл май айында жарандардын ипотекалык кредит алууда баштапкы төлөмдү төлөөдө кыйынчылык тарткандарын колдоо максатында, **Кепилдик фонд жаңы «Келечек» ипотекалык** продуктусун ишке киргизген.

> *Фонддун маалыматына караганда, 2025-жылдын ноябрь айына карата «Келечек» ипотекалык продуктусу боюнча жалпы суммасы 61,6 млн сомдон ашкан 52 кепилдик берилди. Бул жарандарга 237,6 млн сомдон ашуун суммада ипотекалык кредиттерди алууга мүмкүндүк берди.*

«Келечек» продуктысынын **негизги шарттары:**

• үзгүлтүксүз эмгек же ишкердик ишмердүүлүгү 12 ай болушу керек;

• ипотекалык каржылоонун суммасы — 10 000 000 сомго чейин;

• кепилдиктин көлөмү — сатып алынуучу турак жайдын наркынын 30%ына чейин;

• комиссия — кепилдик суммасынын 2%ын түзөт.