> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кампалык инфраструктуранын өнүгүшү жагынан Борбор Азия алдыда
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/11/12/kampalyk-infrastrukturanyn-onughushu-zhaghynan-borbor-aziia-aldyda/
- Published: 2025-11-12T12:45:48.000Z
- Updated: 2025-11-12T12:45:47.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Бизнес

**Евразия өнүктүрүү банкы Евразия чөлкөмүндө кампалык инфраструктура өнүгүүсү жагынан Борбор Азия менен Түштүк Кавказ лидер экенин маалымдады.** 

Болжолдуу малыматтар боюнча Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын кампалык фонду 2025-жылы 2,7 млн чарчы метрден 2040-жылга чейин 19,6 млн чарчы метрге чейин кеңейет. Бул 7 эсе чоңоет дегенди билдирет. 

Оптимисттик сценарий кампалык фонд 25,5 млн чарчы метрге чейин чоңоерун божомолдойт. 

Натыйжада Борбор Азиянын кампалык инфраструктуралык өсүүлөрү 2040-жылы азыркы 4,6%дан 19-21%га чейин өсөт. 

ЕАӨБдө өсүүлөрдүн негизги факторлору катары буларды аташкан:

- экономикалык жана демографиялык көрсөткүчтөрдүн позитивдүү динамикасына жооп катары чекене соодага болгон муктаждыктын өсүшү;
- эл аралык соода агымдарынын кайра багытталышы;
- электрондук сооданын өсүшү.