> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Казакстан мунай продукциялары менен бензинди өлкөдөн сыртка чыгарууга тыюу салды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/11/12/kazakstan-munai-produktsiialary-mienien-bienzindi-olkodon-syrtka-chygharuugha-tyiuu-saldy/
- Published: 2025-11-12T06:16:52.000Z
- Updated: 2025-11-12T06:16:52.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Транспорт

**Казакстан энергетика министрлиги 2025-жылдын 20-ноябрынан 2026-жылдын 20-майына чейин мунай продукциялары менен бензинди өлкөдөн сыртка чыгарууга тыюу салган буйругун чыгарды.** 

> Мындай чектөө ЕАЭБ өлкөлөрүнө да тиешелүү. Документте автоунаалар менен бензинди, дизелдик күйүүчү майды жана мунай продукцияларынын айрым түрлөрүн сыртка чыгарууга тыюу салынары жазылган. Ошондой эле аларды темир жолдор аркылуу ташууга да бөгөт коюлган. 

Мындан сырткары 2026-жылдын 1-январынан тарта 30-июнга чейин жеңил дистилляттарды, авиациялык керосинди, газойлдарды, толуол, ксилол жан мунай битумун ЕАЭБден тышка чыгарууга тыюу киргизилген.