> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жалал-Абадда мыйзам бузган акча алмаштыруу бюролоруна айып пул салынды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/11/12/zhalal-abadda-myizam-buzghan-akcha-almashtyruu-biuroloruna-aiyp-pu-salyndy/
- Published: 2025-11-12T05:19:07.000Z
- Updated: 2025-11-12T05:19:07.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

КРнын Улуттук банкынын Жалал-Абад областтык башкармалыгы инспектордук текшерүү жүргүзүп, **үч акча алмаштыруу бюросун** **жоопкерчиликке** тартты. 

> Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлагандай, алмашуу бюролору КРнын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол беришкен. 

Ушуга байланыштуу Жалал-Абад областында жайгашкан үч алмашуу бюросунун **ар бирине 55 000 сом** өлчөмүндө айып пул салынды.