> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жаңы Коргон айылында 350 тонна продукция сактай турган логистикалык борбор курулду
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/11/12/zhany-korghon-aiylynda-350-tonna-produktsiia-saktai-turghan-loghistikalyk-borbor-kuruldu/
- Published: 2025-11-12T04:42:37.000Z
- Updated: 2025-11-12T04:42:37.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Кызыктуу

**Кадамжай районунун Жаңы Коргон айылында логистикалык борбор курулуп бүткөнүн Turmush маалымат булагы жазды.** 

Аталган борбор Бирлик айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык мекеме болуп эсептелет. Анын курулушуна Баткен өнүктүрүү фондунан 22 млн сом бөлүнгөн. 

Борбор бир мезгилде 350 тонна айыл чарба продукциясын узак мөөнөткө сактап, экспорттоого шарт түзөт. 

Бул айыл аймакта ар жылы 5 300 тонна картошка, 5800 тонна сабыз жана 2000 тонна алма жыйналат.