> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КР менен Армениянын улуттук төлөм системалары кызматташуу меморандумуна кол коюшту
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/11/13/kr-mienien-armieniianyn-uluttuk-tolom-sistiemalary-kyzmattashuu-miemarandumuna-kol-koiushtu/
- Published: 2025-11-13T07:21:47.000Z
- Updated: 2025-11-13T07:33:32.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

Кыргызстан менен Армениянын улуттук төлөм системалары стратегиялык кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Меморандум 11-12-ноябрда Ереванда өткөн **PLUS Forum: FinnoWayArmenia** форумунун алкагында түзүлдү. 

Бул меморандум ыңгайлуу, тезирээк жана коопсуз транс чек аралык төлөм каналдарын камсыз кылып, ЕАЭБнын алкагында төлөм интеграциясын күчөтөт.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/e7704b3d-df60-4f2d-9cb2-56c9e87b528c-1-1.jpeg)

“БАПБ” ЖАКтын Башкарма төрагасы Алтымыш Туратбековдун айтымында **Arca менен меморандумга кол коюу** – Кыргызстандын улуттук төлөм системасын өнүктүрүүдөгү маанилүү этап болуп саналат.

> “Биз “Элкарттын” колдонуучулары өлкө ичинде гана эмес, анын чегинде да заманбап жана ыңгайлуу кызмат көрсөтүүлөрдү алсын деп умтулабыз. Бул кызматташуу транс чек аралык төлөмдөрдүн туруктуу өсүшү, экономикалык байланыштарды чыңдоо, ЕАЭБнын алкагында бирдиктүү төлөм мейкиндигин өнүктүрүү үчүн негиз түзөт”- деп билдирди Туратбеков.