> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан Өзбекстанга быйыл 678 тонна күрүч импорттоду
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/11/13/kyrghyzstan-ozbiekstangha-byiyl-678-tonna-kuruch-importtodu/
- Published: 2025-11-13T11:04:52.000Z
- Updated: 2025-11-13T11:04:52.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Быйылкы жылдын январь–август айларында Өзбекстан Кыргызстандан 678 тонна күрүч импорттогонун “Кабар” маалымат агенттиги жазды. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу сегиз эсеге көбөйгөнүн көрсөтөт.**

> Расмий маалыматтарга ылайык, кыргыз күрүчүн импорттоого Өзбекстан жалпысынан 388 миң доллар жумшаган. Ал эми Кыргызстан жалпы 1 миң тоннадан ашуун күрүч экспорттоп, 715 миң доллар киреше тапкан.

Кыргыз күрүчүнүн негизги импорттоочусу Өзбекстан болуп саналат. Мындан кийинки орундарда Түркия жана Россия турат.

Эске салсак, быйылкы жылдын сегиз айында Кыргызстан менен Өзбекстандын өз ара товар жүгүртүүсү 597 миллион долларды түздү.