> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткен элине арзан көмүр жеткириле баштады
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/11/14/batkien-elinie-arzan-komur-zhietkirilie-bashtady/
- Published: 2025-11-14T14:15:19.000Z
- Updated: 2025-11-14T14:15:18.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Коом

**Баткен шаарынын жана Баткен районунун калкына арзан көмүр жеткирилгенин Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.** 

> Маалыматта ушул тапта Баткен шаарынын көмүр сатуучу түйүндөрүнө жана Баткен районунун айыл аймактарына, Сүлүктү шаарындагы көмүр кендеринен көмүр жеткирилип бир килограммы 7,50 тыйындан сатылып жатканы айтылат. 

> Белгилей кетсек, буга чейин облус башчысы Айбек Шаменов Сүлүктү шаарындагы көмүр шахталарынын ээлери менен жолугуп, калкка арзан көмүрдү шахта ээлери ортомчусуз, түз жеткирүү кызматын көрсөтүү керектигин айткан.

Натыйжада кен казуучулар тарабынан, Баткен шаарына жана Баткен районуна жакынкы аралыкта 20 чоң унаада көмүр жеткирилери маалым болгон.

Ага ылайык жер жерлерде калкты арзан көмүр менен камсыздоо максатында жалпы облус боюнча 64 көмүр сатуу түйүндөрү уюшулган.