> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан, Казакстан ортосундагы товар жүгүртүү быйыл 1,7 млрд долларга жетип, 15%га өстү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/11/14/kyrghyzstan-kazakstan-ortosundaghy-tovar-zhughurtuu-byiyl-1-7-mlrd-dollargha-zhietip-15-gha-ostu/
- Published: 2025-11-14T03:43:59.000Z
- Updated: 2025-11-14T03:43:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, #Жаңылыктар

**Астанада Кыргызстан менен Казакстан ортосундагы өкмөттөр аралык кеңешинин 13-отуруму кеңейтилген курамда өткөнүн МинКаб маалымат кызматы билдирди. Отурумду КРнын МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев менен Казакстан премьер-министри Олжас Бектенов жетектешти.** 

Отурумда соода-экономикалык, суу-энергетикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы кыргыз-казак кызматташтыгынын учурдагы маселелери каралды. 

Эки тарап чек ара зоналарында индустриялык соода-логистикалык комплекстерди жана Алматы облусунда мөмө-жемиштерди сактоо үчүн дүң-бөлүштүрүүчү борборду түзүү маселеси да талкуулашты. 

> Жыйында МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев соода жана инвестиция жаатында эки тараптуу мамилелердин активдешип жатканы белгилеп, ушул жылдын 9 айында өз ара сооданын көлөмү 1,7 млрд долларды түзүп, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15%га көбөйгөнүн ортого салды. Ал эми ушул жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча Казакстандан Кыргызстанга түз инвестициялардын келиши дээрлик 64 млн долларды түзгөн.

Кыргыз-казак өкмөттөр аралык отурумунун жүрүшүндө чек ара аймагында Индустриялык соода-логистикалык комплексин жана Алматы облусунда мөмө-жемиштер менен жашылчаларды сактоого арналган Дүң-бөлүштүрүү борборун түзүү маселеси да каралды. 

Ошондой эле Казакстандын Кыргызстанга мунай жана мунай заттарын өкмөттөр аралык келишимдин негизинде жеткирүү механизмин иштеп чыгуу ортого коюлду. “Кичи-Капка – Бесагаш”, “Ак-Тилек – Карасуу” жана “Каркыра – Кеген” көзөмөл өткөрүү пункттарын реконструкциялоо иштерин белгиленген мөөнөттө аяктоо, ошондой эле “Төмөнкү-Чүй – Ак-Суу” пунктунун ишин калыбына келтирүү темасы көтөрүлдү. 

> Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жана Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов 2030-жылга чейин эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнү 3 миллиард долларга чейин жеткирүү тапшырмасы коюлганына токтолушуп, бул багытта тиешелүү иштер активдешерин кошумчалашты.