> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Он айда өлкөнүн ИДПсы 10%га өсүп, 1,43 трлн сомду түздү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/11/14/on-aida-olkonun-idpsy-10-gha-ostu-1-43-trln-somdu-tuzdu/
- Published: 2025-11-14T10:10:37.000Z
- Updated: 2025-11-14T10:11:02.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**2025-жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстандын ички дүң продукту (ИДП) мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,0%га жогорулап, 1 427,4 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.** 

ИДПнын өсүшү негизинен товар өндүрүү, кызмат көрсөтүү тармактары жана продукттарга болгон таза салыктар аркылуу камсыз болду. Тактап айтканда:

- Товар өндүрүү тармактарынын өсүшү 11,3%га,
- Кызмат көрсөтүү тармактарынын өсүшү 8,8%га,
- Продуктарга болгон таза салыктар 10,8%га жогорулады.

ИДПнын түзүмүндө эң чоң үлүш (49,6%) кызмат көрсөтүү тармактарына туура келди, бирок бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 1,3 пайыздык пунктка төмөндөдү. Товар өндүрүү тармактарынын үлүшү 35,4%га жетип, 1,8 пайыздык пунктка өстү. Анын ичинде:

- Курулуш тармагынын үлүшү 1,2%дык пунктка өстү,
- Өнөр жай тармагынын үлүшү 1,0%дык пунктка өстү,
- Айыл чарбасынын үлүшү 0,4%дык пунктка төмөндөдү.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/--------------------------2025-11-14----16.03.08.png)

> Эксперттер белгилешкендей, ИДПга алдын-ала баа берүү экономиканын өнүгүү тенденциясын баалоого жардам берет жана негизги тармактар — айыл чарба, өнөр жай, курулуш, соода, мейманканалар жана ресторандар, транспорт жана байланыш тармактары боюнча өндүрүш индекстерине негизделет.

Ички дүң продукттун түзүмүндөгү бул көрсөткүчтөр болжол менен өлкөнүн экономикалык активдүүлүгүнүн 55%ын камтыйт.