> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Сүт өндүргөн фермерлер пайызсыз жана күрөөсүз колдоо алышты
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/11/14/sut-ondurghon-fiermierlier-paiyzsyz-zhana-kuroosuz-koldoo-alyshty/
- Published: 2025-11-14T11:37:18.000Z
- Updated: 2025-11-14T11:37:18.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

Бүгүн КРнын Финансы министрлиги “Кыргыз Республикасында сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу” долбоорунун “Кошумча каржылоо” бөлүгүнүн алкагындагы жыйынтыктоочу иш-чара өткөрдү. 

> Иш-чаранынын жүрушундө Финансы министринин орун басары Нурбек Акжолов сөз сүлөп, аталган долбоордун алкагында Финансы министрлиги тарабынан “Фермердик чарбалар деңгээлиндеги инвестициялар” деп аталган 3-компонент ийгиликтүү ишке ашырылгандыгын билдирди. Анын айтымында бул компонент аркылуу фермерлерге бодо мал сатып алуу үчүн **пайызсыз жана күрөөсүз ссудалар берилди.** 

КР Финансы министрлигине караштуу Кредиттик линияны башкаруу бөлүмүнүн директору Бермет Мусакожоева долбоордун аткарылышы тууралуу презентация жасап, Каражаттары жүгүртүү фонду аркылуу **7 378 фермер жалпы 934 598 000 сом өлчөмүндө каржылоо алгандыгын билдирди.** 

> Бермет Мусакожоеванын айтымында, фермерлер Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарында 4–8 адамдан турган Сүт өндүрүүчү зайым алуучулар тобуна (СӨЗТ) бириктирилген. Жалпысынан фермерлер долбоор аркылуу кеминде **11 миң баш ири мүйүздүү мал сатып алышкан.**