> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Суу ресурстары, айыл чарба министрлигине 7ге чейин кызматтык автоунаа кармоого уруксат берилди
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/11/15/suu-riesurstary-aiyl-charba-ministrlighinie-7ghie-chieiin-kyzmattyk-avtounaa-karmoogho-uruksat-bierildi/
- Published: 2025-11-15T08:35:20.000Z
- Updated: 2025-11-15T08:35:19.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, #Жаңылыктар

**МинКаб мамлекеттик жана муниципалдык органдар тарабынан кызматтык жана нөөмөттүк автоунааларды пайдалануу эрежеси жөнүндө токтомго өзгөртүү киргизди**. 

Мындай чечим Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин ишинин оперативдүүлүгүн жана мобилдүүлүгүн жогорулатуу үчүн кабыл алынган. 

> Өзгөртүүлөргө ылайык министрликтин борбордук аппаратында жетиге чейин кызматтык жана нөөмөттүк автоунаа кармоого уруксат берилди. 

Документте көрсөтүлгөндөй, автопаркты кеңейтүү ведомствонун унаа менен чыгып текшерүүлөрүнө, өлкө боюнча агрардык тармактар менен суу чарбаларынын объектилерине мониторинг кылуусуна байланышкан иштерин толук кандуу жана эффективдүү жүргүзүүнү камсыз кылуу үчүн керек.