> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 10 айда курулуш тармагындагы инвестиция 18,9%га көбөйгөн
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/11/17/10-aida-kurulush-tarmaghyndaghy-inviestitsiia-18-9-gha-koboighon/
- Published: 2025-11-17T08:43:31.000Z
- Updated: 2025-11-17T08:43:31.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**2025-жылдын 10 айында негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 246,7 млрд сомго жетип, өткөн жылга салыштырмалуу 18,9%га өстү. Өсүштүн негизги булагы — ички инвестициялардын 21,8 %га, тышкы булактардын 5,2 %га көбөйүшү болду. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.** 

> Инвестициялардын 83%ы пайдалуу кендерди казууга, энергетикага, иштетүү өнөр жайына, транспорт жана жүк сактоо тармагына, билим берүү объектилерине жана турак жай курулушуна багытталды.

Тармактагы өсүшкө төмөнкү факторлор таасир этти:

- **“Менин үйүм”** программасынын алкагында 3 621 батирдин курулушу аяктады;
- MegaCom жана O! операторлорунун байланыш инфраструктурасын кеңейтүүсү;
- билим берүү объектилерине инвестициялардын 10,5 %га өсүшү;
- Бишкек шаарында инфраструктуралык долбоорлорго капиталдык салымдардын көбөйүшү;
- спорт жана туристтик объектилердин курулушуна инвестициялардын артышы.

> Жыйынтыгында, курулуштун дүң продукциясы 269,1 млрд сомду түзүп, 27,7 %га өстү. Тармак ИДПнын өсүшүнө **1,95 пайыздык пункт** салым кошуп, экономика түзүмүндөгү үлүшү **8,3 %** болду.