> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# А.Касымалиев: ИДП 10%дан ашты, инвестиция 2,4 эсеге көбөйдү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/11/17/a-kasymaliiev-idp-10-dan-ashty-inviestitsiia-2-4-esieghie-koboidu/
- Published: 2025-11-17T06:35:49.000Z
- Updated: 2025-11-17T06:35:49.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстандын ички дүң продуктусу (ИДП) 1 триллион 427,3 миллиард сомду түздү, ал өткөн жылга салыштырмалуу 10%дан ашык өсүштү көрсөттү. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык жыйында билдирди.**

> Өсүшкө бардык негизги тармактар салымын кошту. Курулуш сектору 27,7%га, кызмат көрсөтүүлөр 8,8%га, айыл чарба 2,0%га өстү. Өнөр жайда өсүш 9,9%га жетип, фармацевтикада көрсөткүч 2 эсеге өскөн. Тамак-аш азыктарын өндүрүү 33,6%га, резина, пластмасса жана курулуш материалдарын чыгаруу 33,8%га, химиялык продукция 19,6%га өстү. Мындан сырткары, текстиль жана кийим-кече өндүрүү 9,4%га, пайдалуу кен казуу 17,1%га көбөйдү.

Мындан тышкары, 10 айдын жыйынтыгы боюнча негизги капиталга инвестициялар 246,7 миллиард сомду түзүп, 18,9%га өстү. Алардын 29%ы же 71,1 миллиард сом республикалык бюджеттен каржыланып, өткөн жылга салыштырмалуу 2,4 эсеге көп.

Адылбек Касымалиев бул көрсөткүчтөр мамлекеттик экономикалык саясаттын туура багытта жана натыйжалуу жүргүзүлүп жатканын далилдээрин белгиледи.