> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйыл Өзбекстандан Кыргызстанга 107 тонна лимон экспорттолгон
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/11/17/byiyl-ozbiekstandan-kyrghyzstangha-107-tonna-limon-eksporttolghon/
- Published: 2025-11-17T05:19:08.000Z
- Updated: 2025-11-17T05:19:08.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Январь-сентябрь айларында Өзбекстан Кыргызстандын базарларына 107 тонна лимон экспорттогон. Бул тууралуу Өзбекстандын Статистика комитети жазды.**

Маалыматка караганда, быйыл тогуз айда Өзбекстан жалпы 2 миң 282 тонна лимонду сыртка саткан, киреше 3,8 миллион долларды түзгөн. 

Эң көп лимон Россия (1 миң 239 тонна) жана Казакстан (930 тонна) рынокторуна жөнөтүлгөн. Кыргызстандын үлүшү – 107 тонна лимон, Бириккен Араб Эмираттарына 2,9 тонна, ал эми башка өлкөлөргө 3,6 тонна жеткирилген.