> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Климаттын таасиринен быйыл айыл чарба жыйымы 40%га чейин төмөндөгөн
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/11/17/klimattyn-taasirinien-byiyl-aiyl-charba-zhyiymy-40-gha-chieiin-tomondoghon/
- Published: 2025-11-17T08:00:09.000Z
- Updated: 2025-11-17T08:00:08.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Үстүбүздөгү жылдын 10 айында Кыргызстандын айыл чарбасы 407,4 млрд сомдук дүң продукция чыгарды. Өткөн жылга салыштырмалуу реалдуу өсүү темпи 102,0% болду. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.** 

Өсүш негизинен мөмө-жемиш, жашылча жана мал чарбасынын жүгүрүшү менен камсыздалды:

> Жүгөрүнүн көлөмү **8,1%га**, мөмө-жемиш **12,6%га**, бакча өсүмдүктөрү **5,4%га**, жашылчалар **11,6%га**, жүзүм **3,9%га**, сүт **2,8%га**, жумуртка **8,0%га**, эт **3,1%га** өскөн.

Бирок жыйым көлөмү кескин төмөндөп, продукциянын жалпы жыйымы 745,1 миң тоннага жетти. Бул — өткөн жылга салыштырмалуу 40%га азайган көрсөткүч. Түшүмдүүлүктүн төмөндөшү дээрлик бардык негизги өсүмдүктөрдө байкалды:

> Бу­удай **35%га**, картошка **23%га**, жашылчалар **22%га**, тоют өсүмдүктөрү **46%га**, май өсүмдүктөрү **49%га** төмөндөгөн.

Анын себеби — аба ырайындагы кескин өзгөрүүлөр: май айынан июлга чейин жаан-чачын аз болуп, температура 37–39,5 °Cге чейин көтөрүлгөн; топурактын температурасы 65–69,6 °C чейин жогорулап, өсүмдүктөр «стрестик» шарттарды башынан өткөргөн. Мындан тышкары, жайдын ортосунда орун алган катуу жаан жана мөндүр түшүү да түшүмгө терс таасирин тийгизген.

Бирок август-сентябрь айларындагы аба ырайынын жакшырышынан улам, жыйноо адаттагыдан 7–10 күн эрте башталды. Натыйжада буудайдын сапаты жогорулап, клейковинанын курамы жакшыраган.

> Айыл чарба өндүрүшүнүн ИДПга кошкон салымы 0,20 пайыздык пунктту, ал эми ИДПдагы айыл чарба секторунун үлүшү 9,5%ды түздү.