> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда быйыл помидордун түшүмү гектарынан 120 тоннадан айланды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/11/17/kyrghyzstanda-byiyl-pomidordun-tushumu-ghiektarynan-120-tonnadan-ailandy/
- Published: 2025-11-17T14:21:11.000Z
- Updated: 2025-11-17T14:21:10.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Быйыл жашылча-жемиштерден помидор, калемпир жана картошканын, дан өсүмдүктөрүнөн жүгөрүнүн түшүмү былтыркы жылга салыштырмалуу жогору болгонун Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисов “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирген.** 

“Чүй өрөөнүндө помидордун түшүмү гектарына 120 тоннадан айланып, дүйнөлүк рекордго чыккан. Дүйнөлүк рекорд катары 98 – 100 тоннанын тегерегинде помидор жыйноо буга чейин АКШда катталган экен. Негизинен помидордун түшүмдүүлүгү орточо 80-90 центнердин тегерегинде айланат”,- дейт Т. Идрисов.

Андан тышкары ал Талас облусунда болгар калемпиринин, Кочкор районунда картошканын түшүмү мол болгонун ортого салган. 

“Талас облусунда болгар калемпири гектарына 25-27 тоннадан алынды. Ал эми Кочкор районунда картошкадан 35 тоннадан өйдө түшүм алып, чоң жетишкендик болду”,- дейт ал.