> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда өнөр жай тармагы 10 айда 595 млрд сомдук продукция чыгарган
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/11/17/kyrghyzstanda-onor-zhai-tarmaghy-10-aida-595-mlrd-somduk-produktsiia-chygharghan/
- Published: 2025-11-17T06:50:50.000Z
- Updated: 2025-11-17T06:50:50.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**2025-жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстандын өнөр жайы 595 млрд сомдук дүң продукция чыгарды. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9,8%га өстү. Алтын кендерин эсепке албаганда, өнөр жай өндүрүшү 21,03%га көбөйгөн. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.** 

Өсүш негизинен төмөнкү секторлордо катталды:

- Фармацевтика: 2,0 эсеге өсүү;
- Тамак-аш азыктары жана тамеки: 33,6%га;
- Резина, пластмасса буюмдары жана курулуш материалдары: 33,8%га;
- Жыгач жана кагаз, полиграфиялык продукция: 29,4%га;
- Химиялык продукциялар: 19,6%га;
- Текстиль жана кийим-кече: 9,4%га;
- Пайдалы кендерди казуу: 17,1%га.

Бирок негизги металл өндүрүү көлөмү 3,8%га төмөндөгөн.

> Энергетика секторунда электр энергия өндүрүү 10,3%га, ал эми суу менен камсыздоо жана кайра иштетүү тармагы 24,3%га өскөн.

> Өнөр жай өндүрүшүнүн ИДПга кошкон салымы 1,64%дык пункт, ал эми ИДПнын түзүмүндө өнөр жай тармагынын үлүшү 17,6% түздү.

Бул маалыматтар өлкөдө өндүрүштүн бардык тармактары боюнча туруктуу жана тез өсүү байкалганын, экономиканын ар тараптуу өнүгүп жатканын көрсөтүүдө.