> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Россияда мигранттарды кабыл алууну чектей турган мыйзам кабыл алынды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/11/18/rossiiada-mighranttardy-kabyl-aluunu-chiektiei-turghan-myizam-kabyl-alyndy/
- Published: 2025-11-18T06:14:56.000Z
- Updated: 2025-11-18T06:14:56.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Россия президенти Владимир Путин чет өлкөлүк жумушчулар менен эмгек келишимин токтотуу негиздерин кеңейте турган мыйзамга кол койгону маалым болду.** 

Эми жумуш берүүчүлөр жумуш орундарына болгон аймактык лимиттен ашкан учурда эмгек келишимин токтото алышат. Бул документ менен Россия Федерациясынын Эмгек кодексинин 327.6-беренесине өзгөртүүлөр кирет. Мыйзам 2026-жылдын 1-мартында күчүнө кирет.

Бул демилге Мамдумага “Жаңы адамдар” фракциясынын депутаттары тарабынан киргизилген. Алардын айтымдарында, бул кызматтан кеткен кызматкерлер менен болгон соттук териштирүүлөр тобокелдигин азайтат. 

Эске салсак, 2014-жылдан тарта Россия субъектилери чет өлколүк жумушчуларды тартууга бир жылдык лимитти бекитүү укугуна ээ болушкан. Ишканалар мындай учурда мигранттардын кыскартуулары керек. Бул аткарылбаса алар 800 миңден 1 млн рублге чейин айып пул төлөшөт же эки жумага иши токтотулат.