> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Социалдык келишим долбоору: 9 айым 9 миллион сом киреше таап миллионер болушту
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/11/18/sotsialdyk-kielishim-dolbooru-9-aiym-9-million-som-kirieshie-taap-millionier-bolushtu/
- Published: 2025-11-18T09:47:49.000Z
- Updated: 2025-11-18T09:59:07.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

2022-жылы Президенттин демилгеси менен башталган - Социалдык жардамдын негизиндеги **социалдык контракт түзүү** программасынын жыйынтыгы жакшы натыйжа берип жатат. Ага ылайык, **100 миң сомдон** социалдык контракт 2022-жылы - 2800 үйбүлөөгө, 2023-жылы 10 000 үйбүлөөгө, 2024-жылы 23 000 үйбүлөөгө **кайтарымсыз негизде жардам** берилген. Мындай маалыматты Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Иш менен камсыздоого көмөктөшүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Гүлмайрам Автандил кызы “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында социалдык контрактты 2 топтун өкүлдөрү ала алышат (бири жөлөк пул алган үйбүлөө, экинчиси аз камсыз болгон үйбүлөө).

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/--------------2-1.png)

> *“Быйыл социалдык жардамдын өлчөмү *100 миң сомдон 150 миң сомго чейин* көбөйтүлдү. Ага ылайык, 2025-жылдын аягына чейин 13 миң 333 үй-бүлө ушул социалдык контрактты алышы күтүлөт. Жыл башынан 7-ноябрга чейинки маалымат боюнча 12 миң 661 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү. Социалдык контракттын алкагында колдоо алган жарандар негизинен айыл чарба, өндүрүш, кызмат көрсөтүү жана соода-сатык сыяктуу төрт тармакта иш башташат. Алардын ичинен социалдык контрактты ийгиликтүү ишке ашырган *9 айым жылдык кирешесин 9 миллион сомго жеткирип, миллионер болушту*” – деп билдирди Гүлмайрам Автандил кызы.*

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлүнүн айтымында, мындан тышкары, өз бизнесин ийгиликтүү өнүктүргөндөргө 200 миң сомго чейин **пайызсыз насыя** берүү да жолго салынган. 3 жылга эсептелген бул пайызсыз кредитти жыл башынан бери республика боюнча 1086 жаран алган.