> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин ишинде олутуу көйгөйлөр аныкталды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/11/19/mamliekiettik-mulktu-bashkaruu-aghienttighinin-ishindie-olutuu-koighoilor-anyktaldy/
- Published: 2025-11-19T09:49:21.000Z
- Updated: 2025-11-19T10:44:00.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Бүгүн Эсептөө палатасынын Кеңеши кезектеги отурумун өткөрүп, анда Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикте республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн жана бюджеттин аткарылышынын шайкештик аудитинин жыйынтыктары каралды.**

> Эсептөө палатасынын маалыматына караганда, *аудит 2024-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгилди камтыды. Анын жыйынтыгы боюнча, ченемдик талаптарга жана финансы тартибине шайкеш келбеген иш-аракеттердин жалпы суммасы *948,4 млн сомду түзгөнү аныкталды.* Анын ичинен *32,2 млн сом финансы мыйзам бузуулары* катары катталса, 2 млн сомго жакын каражат аудиттин жүрүшүндө кайра калыбына келтирилди. Текшерүүдө дивиденддер боюнча *37,4 млн сом карыз* топтолуп калып, алардын ичинде *27,3 млн сом айып пул* катары эсептелгени белгилүү болду.*

Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү тармагында дагы олуттуу көйгөйлөр аныкталган: жалпысынан **33,9 млн сом финансылык мыйзам бузуулар** аныкталган, **28,7 млн сом каражат бюджетке түшпөй** калган.

Аудит учурунда ижара мамилелериндеги айрым материалдар укуктук баа берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жиберилди. Аудиттин толук корутундусу Эсептөө палатасынын расмий сайтында жарыяланат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/6680751f-b02a-40c8-85a0-bb8f9a0caba9.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/0000qqqqq.jpg)