> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# А.Бакетаев ЭВФ миссиясы менен макроэкономикалык туруктуулукту талкуулады
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/11/20/a-bakietaiev-evf-missiiasy-mienien-makroekonomikalyk-turuktuuluktu-talkuulady/
- Published: 2025-11-20T05:24:12.000Z
- Updated: 2025-11-20T05:24:12.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Финансы министрлигинде финансы министри Алмаз Бакетаев Эл аралык валюта фондунун миссиясынын башчысы Дмитрий Гершенсон менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.** 

> Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар экономиканын акыркы тенденцияларын, салык-бюджет маселелерин жана алардын өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. 

Эл аралык валюта фондунун миссиясы Кыргызстандагы учурдагы макроэкономикалык абалга жогору баасын берди жана бюджеттик-салык саясатындагы ийгиликтер менен мамлекеттик карыздын туруктуулугун белгиледи. 

Жолугушуунун жыйынтыгында финансы министри ЭВФ миссиясына конструктивдүү диалог жана макроэкономикалык туруктуулукту бекемдөөгө жана өлкөнүн финансылык туруктуулугун камсыз кылууга багытталган реформаларды колдогону үчүн ыраазычылык билдирди.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/1-43.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/2-34.jpeg)