> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# БУУнун климаттык саммити 2026-жылы Антальяда өтөт
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/11/20/buunun-klimattyk-sammiti-2026-zhyly-antaliada-otot/
- Published: 2025-11-20T13:45:43.000Z
- Updated: 2025-11-20T13:45:42.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Кызыктуу

**БУУнун ар жылы өтүүчү климаттык саммити 2026-жылы Түркияда өтөрүн Reuters жазды. Аталган саммитти өткөрүүгө эки өлкө атаандашып, бири-бирине жол берүүдөн баш тартышкандыктан, жетекчилик конферфенцияны Антальяда өткөрүп, төрагалык кылуу укугун Австралияга берүүнү чечкен.** 

Белгиленгендей Австралия өзүнүн арызын аралдык мамлекеттер менен кызматашуудагы “Тынчокеандык БУУнун климаттык саммити” катары сунуштаган. Көп өлкөлөрдөн колдоо табарынан үмүт арткан Австралия саммитке даярданууга 4,5 млн доллар салган. 

COP31ге(2025-жылы 20-ноябрда өтүүчү климаттык саммит) катышуучу Түркия экономикасы өнүгүп келе жаткан өлкө катары саммитти кеңейтүү менен өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин ортосундагы тилектештик идеяларын алдыга жылдыруугуа кызыкдар экенин билдирген. 

Азыр СОР30 Беленде өтүп жатат. Ар жылы өлкөлөр климаттын өзгөрүшү менен кантип күрөшүүнү, зыяндуу заттарды бөлүп чыгарууну кыскартууну жана аярлуу мамлекеттерге кантип жардам берүүнү талкуулашат.