> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйыл жарым жылда былтыркыга караганда 21,7%га инвестиция көп тартылган
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/11/20/byiyl-zharym-zhylda-byltyrkygha-karaghanda-21-7-gha-inviestitsiia-kop-tartylghan/
- Published: 2025-11-20T13:27:26.000Z
- Updated: 2025-11-20T13:27:25.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Бизнес

**Сабиров быйыл жарым жылда 21,7%га көп инвестиция тартылганын "Биринчи радионун" 20-ноябрдагы эфиринде президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров билдирди.**

Анын айтымында 2024-жылы 1 млрд доллардан ашык инвестиция тартылса, быйылкы жылдын алты айында бул көрсөткүч 21,7%га көбөйгөн. 

> Р.Сабиров инвестициялардын басымдуу бөлүгү Россия, Түркия жана Кытайдан тартылып жатканын айтты. Негизинен инвесторлор Ысык-Көлдөгү "Ала-Тоо резорт" лыжа кластери, Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолу, Тамчыдагы атайы каржы инвестициялык аймакты туризм багытында иштетүү, Асман шаарын куруу жана кичи ГЭСтерди курууга кызыкдар болушкан.

Аталган агенттик Ысык-Көлдө Асман шаарын куруу боюнча кытайлык компания менен меморандум түзүлгөнүн ушул жылдын 21-октябрында билдирген. 

Буга чейин Экономика министрлиги шаар курулушунун баасы 20 млрд доллар деп эсептеген. Аны курууга алгач түштүк кореялык компания 1 миллиард доллар инвестиция салууга ынтызарлыгын билдиргени расмий айтылып, кийин курулуш башталган эмес.