> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЕАЭБ бюджети 15,1 млрд сомго жетти
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/11/20/ieaeb-biudzhieti-15-1-mlrd-somgho-zhietti/
- Published: 2025-11-20T09:45:36.000Z
- Updated: 2025-11-20T09:45:36.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Бизнес

**ЕАЭБ бюджети өсүп 172,9 млн долларга (15,1 млрд сом) жетип, демилгелерди алдыга жылдыруу үчүн жетиштүү ресурс топтолгонун Россия элдер достугу университетинин социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин эл аралык мамилелер теориясы жана тарых кафедрасынын профессору Игорь Филькевич Н.М.Пржевальск атындагы I эл аралык илимий-эксперттик форумунда айтты.** 

Анын айтымында, ЕАЭБ Стратегия-2030 алкагында кызмат көрсөтүү жана социалдык камсыздоонун жалпы аянтын кеңейтип жатат. 

> “ЕАЭБ финансылык жана бажылык мейкиндикти кошкондо үч мейкиндикти караган Стратегия-2030ду ишке ашырууну улантып жатат. План боюнча жалпы биржалар, финансы секторун жөнгө салуучу бирдиктүү эрежелер жана өлкөлөр ортосундагы тарифтик эмес унификация үчүн “ак тизмелер” түзүлүп жатат. 

> Жаңы стратегияда кызмат көрсөтүүлөр рыногу боюнча: билим берүү, саламаттык сактоо, туризм жана социалдык камсыздандыруу багыттары бекитилген. ЕЭК деңгээлинде 200гө жакын максаттуу индикаторлор жөнгө салынат”,- дейт ал. 

Буга улай профессор ЕАЭБде Кыргызстан, Казакстан жана Армениянын ролу күчөп бара жатканын кошумчалаган.