> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргыз-өзбек товар жүгүртүүсүн 2 млрд долларга жеткирүү пландалууда
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/11/20/kyrghyz-ozbiek-tovar-zhughurtuusun-2-mlrd-dollargha-zhietkiruu-plandaluuda/
- Published: 2025-11-20T04:48:52.000Z
- Updated: 2025-11-20T04:48:52.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Бишкек шаарында өтүп жаткан БАРЭК бизнес-форумунун алкагында Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Өзбекстан Республикасынын инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов менен жолугушту. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин билдиришти.**

> Жолугушууда тараптар кыргыз-өзбек соода-экономикалык кызматташтыгынын учурдагы абалын жана анын өнүгүү перспективасын талкуулашты. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары тарабынан аныкталган стратегиялык максат — өз ара товар жүгүртүүнү 2 млрд АКШ долларына чейин жеткирүү — сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы болду.

Министрлер, мындан тышкары, ишкердик байланышты күчөтүүгө, инвестициялык өнөктөштүктү жандандырууга багытталган алдыдагы биргелешкен иш-чараларды даярдоо маселелерин карашты. Ошондой эле өнөр жай, транспорттук логистика, айыл чарба жана энергетика тармактарындагы келечектүү биргелешкен долбоорлор талкууланды.