> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан аркылуу Россияга автотранзит 52,5%га кыскарды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/11/20/kyrghyzstan-arkyluu-rossiiagha-avtotranzit-52-5-gha-kyskardy/
- Published: 2025-11-20T10:18:28.000Z
- Updated: 2025-11-20T10:18:28.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Транспорт

**Быйыл Кыргызстан аркылуу Россияга жеңил автоунаалар транзити 52,5%га кыскарганын “Автостат” агенттигинин директору Сергей Целиков өзүнүн Telegram-каналында билдирди.** 

Анын айтымында, жалпысынан жеңил унаа импорту 64%га кыскарган. 2025-жылдын 10 айында Россияга 290 миң жаңы жеңил автоунаа киргизилген. Бул 2024-жылдын 10 айына салыштырмалуу 64%га аз. 

Автоимпортунун мындай кескин кыскарышына 3 себеби баса белгилеген. Биринчиси – рыноктун 20%га кыскарышы. Экинчиси өткөн жылдан калган чоң агымдар. Үчүнчүсү – Россия территориясында автоунаа чогултуунун көлөмүнүн өсүшү. 

> Кытайдан жаңы унааларды алып келүү 68%га азайып – 210 даана. Ошентсе да КЭР автоунаа импорттоо боюнча жалпы көлөмдүн 72,5%ын түзүп, эң чоң канал боюнча калган. Кыргызстан аркылуу Кытай унааларынын транзити быйыл 32,5 миң даанага чейин кыскарган. Анын ичинен Кыргызстандын үлүшү 11%ды түзөт.