> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Аймактарды өнүктүрүү фонддору 10 айда 164 экономикалык долбоорду каржылады
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/11/21/aimaktardy-onukturuu-fonddoru-10-aida-164-ekonomikalyk-dolboordu-karzhylady/
- Published: 2025-11-21T12:30:00.000Z
- Updated: 2025-11-21T12:29:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттары республиканын аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү артыкчылыктуу долбоорлорду каржылоого багытталат. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.** 

Фонддордун бюджети негизинен тоо-кен казуу компанияларынын чегерүүлөрү жана жер казынасын пайдаланууга лицензиялардын эсебинен түзүлүп, облустук жана райондук деңгээлде иш алып барат. 

Каржылоо чакан жана орто бизнести колдоо, инфраструктураны өнүктүрүү, жумуш менен камсыз кылуу жана жашоо сапатын жогорулатууга багытталган. Экономикалык долбоорлор жылдык 2% чен менен бюджеттик кредиттөө түрүндө “Мамфинхолдинг” ААК аркылуу ишке ашырылат.

2025-жылдын 10 айында “Мамфинхолдинг” ААК жалпы суммасы 1 015,4 млн сом болгон 206 экономикалык долбоорду жактырып, алардын ичинен 769,3 млн сомго 164 долбоор каржыланды. Ал салыштыруу үчүн, 2024-жылы фонддор 165,8 млн сомго 38 долбоорду, ал эми 2023-жылы 146,1 млн сомго 34 долбоорду каржылаган.

Ошентип, 2025-жылы колдоого алынган долбоорлордун саны жана каржылоо көлөмү боюнча олуттуу өсүү байкалууда. Бул өсүү мамлекеттин инвестициялык колдоосунун кеңейишин жана реалдуу экономика секторун өнүктүрүүгө жасаган салымын көрсөтөт.