> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда 9 айда 27 млн 504,3 миң сомго тамеки продукциясы өндүрүлдү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/11/21/kyrghyzstanda-9-aida-27-mln-504-3-min-somgho-tamieki-produktsiiasy-onduruldu/
- Published: 2025-11-21T05:03:25.000Z
- Updated: 2025-11-21T05:03:25.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, #Жаңылыктар

**Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча Кыргызстанда 2025-жылдын январь-октябрь айларында жалпы 27 млн 504,3 миң сомго тамеки продукциясы өндүрүлгөн.** 

> Өткөн жылдын ушул мезгилине карата өндүрүш көлөмү 13 млн 907,5 миң сомду түзгөн. Октябрь айында өндүрүш көлөмү 1 млн 819,6 миң сомду түзсө, былтыркы октябрь айында ал 1 млн 454,1 миң сомду түзгөн. 

Ошону менен бирге эле тамеки продукцияларын өндүрүүнүн физикалык көлөмүнүн индекси октябрь айына карата 100%ды, январь-октябрь айларында 99,8%ды түзгөн. Бир жыл мурун бул көрсөткүчтөр жыл аягында 125,0%ды жана 166,2%ды түзгөн.