> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жеңилдетилген насыя менен үнөмдүү жылытууга өтүү мүмкүнчүлүгү талкууланды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/11/21/zhienildietilghien-nasyia-mienien-unomduu-zhylytuugha-otuu-mumkunchulughu-talkuulandy/
- Published: 2025-11-21T07:58:46.000Z
- Updated: 2025-11-21T07:58:46.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

Өкмөттун «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун алкагында **Финансы министрлигинин Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмү тарабынан** Ленин районунун Новопавловка айылында таза жана үнөмдүү жылытуу системаларына өтүү боюнча жеңилдетилген насыялоо мүмкүнчүлүктөрүнө арналган маалыматтык жолугушуу уюштурулду.

> *Жолугушууда адистер жылуулук насосторунун иштөө принциптери, алардын экологиялуулугу жана экономикалык артыкчылыктары тууралуу толук маалымат беришти. Ошондой эле катышуучуларга *1 000 000 сомго чейин берилүүчү жеңилдетилген насыя* боюнча маалымат сунушталып, насыянын шарттары, талаптары жана алуу тартиби жөнүндө Социалдык жана экологиялык маселелер боюнча адис Таалай Асылбеков түшүндүрмө берди. Адистин айтымында бул колдоо үй-бүлөлөргө *заманбап жылытуу системаларын орнотууга шарт* түзмөкчү.*

Мындан сырткары жылуулук насостору боюнча эксперт Гүлзия Кадырбек жабдуулардын иштөө мөөнөтү, техникалык артыкчылыктары жана жылуулук насосторунун өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде жолугушууга келген жергиликтүү тургундар жылуулук насосторунун тейлөө чыгымдары, орнотуу үчүн коюлган талаптар, ошондой эле жеңилдетилген насыяны алуу тартиби боюнча суроолорго жооп алышты.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/585276361_844992827917714_4872583879463311738_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/585290302_844992857917711_7004759403390091171_n.jpg)