> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эсептөө палатасынын аудити Бишкек мэриясындагы ири өлчөмдөгү мыйзам бузууларды тапты
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/11/24/esieptoo-palatasynyn-auditi-bishkiek-meriiasyndaghy-iri-olchomdoghu-myizam-buzuulardy-tapty/
- Published: 2025-11-24T07:17:46.000Z
- Updated: 2025-11-24T07:17:46.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Саясат

**Эсептөө палатасынын аудити Бишкек шаарынын 2023-жылдагы бюджетин түзүү менен аткарууда, ошондой эле муниципалдык мекемелер менен мүлктү башкарууда бир топ мыйзам бузууларды тапканын “Акипресс” жазды.** 

Отчетто жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча Бишкек шаардык мэриясында төмөнкү мыйзам бузуулар аныкталган: 

\- бюджетте пайдаланылган 3 млн евро көрсөтүлгөн эмес;

\-жергиликтүү бюджеттин болжолдуу кирешеси негизсиз 954 млн сомго төмөндөтүлгөн, анын ичинде жер ижара акысы – 154 млн сом, айыл чарбалык эмес жерлерди сатуу – 800 млн сом; 

\-2,86 млрд сомдук чыгымдар бюджеттик мыйзамда жана шаардык кеңештин 2023-жылдагы №84 чечиминде каралбаган “өз ара эсептешүү” форматында жүргүзүлгөн; 

\-кирешелер отчетуна 2023-жылдын 1-январына карата 1,3 млрд сом калган каражат мыйзамсыз түрдө киргизилип, кирешелер бөлүгү көбөйгөн;

\-эмгек акыларды чегерүүдөгү мыйзам бузуулар 324,7 млн сомду түзгөн. 

\- мэрдин резервдик фондунан 25,2 млн сом кызматкерлерди стимулдаштыруу үчүн материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоо иш-чарасына колдонулган;

\- муниципалдык мекемелер толук финансылык отчет беришкен эмес. Алардын дебитордук карыздары 2,46 млрд сомго чейин өскөн;

\- транспорт департаменти 89,3 млн сом ашыкча субсидий алган; 

\-тамактануу чыгымдарын сарптоодо 32,6 млн сомго мыйзам бузуулар болгон;

\- “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамынын талаптарын бузулуп, 1,7 млрд сомго мыйзам бузуулар болгон;

\- мөөнөтү өтүп кеткен карыздар 1 млрд сомдон ашкан.