> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргыз-Венгер өкмөттөр аралык комиссиясы жаңы макулдашууларга кол койду
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/11/24/kyrghyz-vienghier-okmottor-aralyk-komissiiasy-zhany-makuldashuulargha-kol-koidu/
- Published: 2025-11-24T08:17:09.000Z
- Updated: 2025-11-24T08:17:09.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

2025-жылдын 21-ноябрында Будапешт шаарында кыргыз-венгер соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын 4-жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу КРнын Экономика министрлигинен билдиришти.

> Билдирүүгө караганда, жыйындын жүрүшүндө тараптар соода-инвестициялык кызматташтыкты, агрардык жана өнөр жай кооперациясын, санариптештирүүнү, авиацияны, энергетиканы, транспортту жана гуманитардык алмашууларды камтыган экономикалык күн тартибинин кеңири багыттарын карашты.

Иш-чаранын жыйынтыгында Комиссиянын 4-жыйынынын протоколуна жана КРнын Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Венгриянын Айыл чарба министрлигинин ортосунда ветеринария жана ветеринардык көзөмөл жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/17639653916923f9cfc74f2.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/17639653926923f9d02780c.jpeg)