> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек мэриясынын кассалык чыгашаларында айырма чыкты
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/11/24/untitled-195/
- Published: 2025-11-24T09:44:31.000Z
- Updated: 2025-11-24T09:45:42.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Эсептөө палатасынын аудити 2023-жылы Бишкектин кассалык чыгашалары 22 млрд 689 млн сомду түзөрүн, бирок, отчеттун долбоорунда ал сумма 23 млрд 476 млн сом деп көрсөтүлүп, 1,27 млрд сомго көп болгонун аныктаган.** 

Ошол себептен 483,3 млн сом ашыкча чыгымдын ордуна отчетто 787 млн сом жеткиликсиз финансылоо болуп көрсөтүлүп калган. 

Муниципалдык мекемелердин дебитордук карызы 661,7 млн сомго өсүп, 2024-жылдын 1-январында 2 млрд 463,2 млн сомго жеткен. Бул сумманын 95%ы ири муниципалдык мекемелерге таандык:

\- “Бишкекасфальтсервис” (1 млрд 820,9 млн сом);

\- “Бишкексвет” (206,7 млн сом);

\- “Тазалык” (110,5 млн сом);

\- “Бишкексуучарба” муниципалдык мекемеси (94,3 млн сом);

\- “Бишкекжашылдандыруу чарбасы” ММ (97,3 млн сом);

\- “Бишкекшаардыклифт” ММ (10,6 млн сом).

2024-жылдын 1-январына карата мэриянын насыялык карызы 347,5 млн сомду түзүп, анын ичинен: 

\- субсидиялар — 122,2 млн сом,

\- имараттар жана курулуш объектилери — 125,6 млн сом,

\- ички карыз — 35,7 млн сом.

Мындан сырткары, Транспорт департаменти өзүнүн отчетунда республикалык бюджеттен трансферт катары алган 4 млрд 513,7 млн активди көрсөткөн эмес.