> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда жыл башынан бери бензиндин баасы 17,03 %, ал эми дизель майы 13,04% өстү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/11/25/kyrghyzstanda-zhyl-bashynan-bieri-bienzindin-baasy-17-03-al-emi-diziel-maiy-13-04-ostu/
- Published: 2025-11-25T08:03:16.000Z
- Updated: 2025-11-25T08:03:16.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

Кыргызстанда инфляциянын деңгээли 2025-жылдын башталышынан тартып **7,3 пайызды**, жылдык мааниде 8,9 пайызды түздү. Бул тууралуу **КРУБ төрагасынын орун басары Азат Козубеков** бүгүн басма сөз жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/f76b919b-449e-42ce-9ca3-37572c83ea5d-1.jpeg)

*Анын айтымында инфляция *тышкы таасирлердин айынан жогору* деңгээлде болуп жатат. 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында инфляция Улуттук банктын максаттуу 5-7% денгээлинде сакталып турган. Бирок жай айларынан баштап тышкы чөйрөдөгү факторлордун кесепетинен инфляциянын тездеши байкалды.*

> *“Кыргызстанда көбүнчө товарлар импорттолуп келгендигине байланыштуу тышкы тобокелдиктер тез арада эле ички рынокко таасирин берди. Азыркы учурда тышкы чөйрөдө дүйнөлүк азык-түлүк рынокторунда товардардын баасынын кескин өсүшү байкалууда. Ошондой эле кошуна мамлекеттерде да инфляция жогору бойдон калууда. 25-жылдын октябрь айын карасак, инфляциянын деңгээли Россия Федерациясында 7,07%; Казакстанда 12,06%, ал эми Өзбекстанда 7.08% түзгөн. Бул мамлекеттерден импорттолгон продукциялардын баалары жогору болгонуна байланыштуу Кыргызстанга да таасирин берүүдө.”- деп билдирди Козубеков.*

Улуттук банктын төрагасынын орун басарынын айтымына караганда, инфляциянын өсүшүнө байланыштуу күйүүчү майлоочу майлардын наркы кескин кымбаттап кетти. Тагыраагы жыл башынан бери **бензиндин баасы 17,03 %, ал эми дизель майы 13,04% өскөн.** Ал эми **азык-түлүккө болгон баалар 7,06 % жогорулады.**

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/out-benzin-crisis-2025-iStock-1369915738-1.jpg)