> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйыл 9 айда Кыргызстандан 17,8 миң тонна кумшекер экспорттолду
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/11/26/byiyl-9-aida-kyrghyzstandan-17-8-min-tonna-kumshiekier-eksporttoldu/
- Published: 2025-11-26T07:40:26.000Z
- Updated: 2025-11-26T07:40:25.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстандан чет өлкөлөргө 1 млрд 60,4 млн сомдук кумшекер сатылганы белгиленди. Бул тууралуу "Акчабар" сайты Улуттук статистика комитетине таянуу менен кабарлады.**

> Маалыматка ылайык, сыртка жалпы 17 миң 811,5 тонна кумшекер экспорттолду. Анын басымдуу бөлүгү Өзбекстанга жөнөтүлгөн: 17 миң 688,5 тонна (1 млрд 53,7 млн сом). 

Ошондой эле Тажикстанга 108 тонна (5,85 млн сом), Афганистанга 15 тонна (825 миң сом) кумшекер экспорттолду.