> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандык экспорттоочуларга 1,7 млрд сомдон ашык кепилдик берилди
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/11/27/kyrghyzstandyk-eksporttoochulargha-1-7-mlrd-somdon-ashyk-kiepildik-bierildi/
- Published: 2025-11-27T10:03:04.000Z
- Updated: 2025-11-27T10:03:04.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**"Кепилдик фонд" ААКсы экспорт жана импортту алмаштыруу багытында иштеген ишкерлерди системалуу түрдө колдоп, алардын жаңы рынокторго чыгышына жана өндүрүштүн өсүүсүнө шарт түзүүдө. Маалыматка ылайык, түзүлгөн күндөн тартып экспортко багытталган компаниялар 1,74 млрд сомдон ашык кепилдик алган. Бул колдоо ишкерлерге жалпы 5,89 млрд сом өлчөмүндө кредиттик каражат тартууга мүмкүнчүлүк берди.**

> 2025-жылы дагы бул багыттагы иш активдүү уланып, экспорт менен алектенген бизнеске 168,9 млн сомдук кепилдик берилди. Натыйжада компаниялар 458,7 млн сом өлчөмүндө кредиттерге жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Учурда фонд "Кыргызстанда өндүрүлгөн" Улуттук экспорттук программасынын алкагында ишти күчөтүп, ата мекендик өндүрүүчүлөргө өз продукциясын эл аралык рынокко чыгарууга жардам берүүдө. Колдоо механизмдери өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатууга, өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууга жана улуттук экономиканын туруктуу өсүшүнө салым кошууда.