> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто туризм жана жашыл экономика боюнча эксперттик талкуу өттү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/11/27/oshto-turizm-zhana-zhashyl-ekonomika-boiuncha-ekspierttik-talkuu-ottu/
- Published: 2025-11-27T05:48:35.000Z
- Updated: 2025-11-27T05:48:35.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Ош шаарында жыл сайын өтүүчү "Жашыл экономика" улуттук форумунун алкагында мамлекеттик органдардын, туристтик бизнес өкүлдөрүнүн, эксперттик коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын катышуусунда "Туруктуу туризмди өнүктүрүү. Көмүртек изин азайтуу" темасында кеңейтилген жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.** 

> Иш-чаранын катышуучулары аймактарда туруктуу туризмди өнүктүрүү боюнча негизги чараларды талкуулашты. Атап айтканда, көмүртек кычкыл газын бөлүп чыгарууну кыскартуу, жашыл стандарттарды киргизүү, туристтик объектилердин энергия эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана экологиялык багыттагы долбоорлорго инвестиция тартуу маселелери каралды.

Жыйынтыктоочу отурумдун жүрүшүндө мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү бекемдөө жана экологиялык жоопкерчиликтүү ыкмаларды системалуу киргизүү боюнча негизги кадамдар аныкталды.

Ош шаары туризмди өнүктүрүү жана жашыл экономикага көңүл буруу боюнча чараларды улантууда.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/2-71.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/3-61.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/5-31.jpeg)