> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өзбекстан быйыл Кыргызстандан 692 тонна күрүч сатып алды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/12/01/ozbiekstan-byiyl-kyrghyzstandan-692-tonna-kuruch-satyp-aldy/
- Published: 2025-12-01T05:50:39.000Z
- Updated: 2025-12-01T05:50:39.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, #Жаңылыктар

**2025-жылдын тогуз айында Кыргызстандан Өзбекстанга жалпы баасы 397 миң долларлык 692 тонна күрүч экспорттолгонун Улуттук статистика комитети кабарлады.**  
  
Быйылкы жылы Өзбекстан Кыргызстандын күрүчүн эң ири өлчөмдө сатып алган негизги өлкө болгон. Былтыр коңшулар Кыргызстандан жалпы 151 миң долларга 145 тонна күрүч сатып алган.

Кыргызстандын күрүчүн көп импорттогон өлкөлөрдүн катарында Өзбекстандан кийин Түркия турат. Түрктөр быйылкы тогуз айда 330 тонна күрүч сатып алган. Орусия 23, Казакстан 20 тонна күрүч алган.

Кыргызстанда өстүрүлгөн Өзгөн күрүчү темир, кальций, магний, йод жана башка микроэлементерге бай.