> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЕАЭБ азык-түлүк менен өзүн-өзү 92%га камсыздай алат
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/12/02/ieaeb-azyk-tuluk-mienien-ozun-ozu-92-gha-kamsyzdai-alat/
- Published: 2025-12-02T04:30:33.000Z
- Updated: 2025-12-02T04:30:33.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Кечээ Москва шаарында өткөн “Ветеринардык коопсуздук” аттуу эл аралык форумда азык-түлүк коопсуздугуна байланышкан маселелер талкууланганын Евразиялык экономикалык комитети билдирди.**

Андан сырткары форумда эпизоотикалык жыргалчылыкты сактоо, малдын кооптуу ооруларына каршы күрөшүү, ветеринардык дары-дармектер рыногун өнүктүрүү жана Евразия мейкиндигинде инновациялык технологияларды киргизүү маселелери каралды.

Форумда ЕЭКтин Өнөр жай жана агроөнор жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян азык-түлүк коопсуздугу — ЕАЭБдеги өлкөлөрдүн экономикалык саясатындагы артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин баса белгиледи. 

> Анын айтымында, ЕАЭБ түзүлгөндөн бери айыл чарба продукциясынын өндүрүшү 25%га өстү, азык-түлүк боюнча өзүн-өзү камсыздоо 92%га жетти, ал эми биримдик ичиндеги өз ара соода 70%га көбөйгөн. 

> Эгер 2014-жылы тышкы соода дефицити 24 млрд долларды түзсө, 2021-жылдан тарта ЕАЭБ олуттуу экспортёр болуп калды. Бүгүнкү күндө агрардык продукциянын экспорту 40 млрд доллардан ашты.

Форумдун ишине ЕЭКтин санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар боюнча департаментинин өкүлдөрү да катышкан.