> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын Индиядагы жаңы өкүлү дайындалды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/12/03/kyrghyzstandyn-sooda-onor-zhai-palatasynyn-indiiadaghy-zhany-okulu-daiyndaldy/
- Published: 2025-12-03T08:11:19.000Z
- Updated: 2025-12-03T08:11:19.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Бектурган Калыбек уулу Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын Индиядагы расмий өкүлү болуп дайындалды.** 

Ведомстводон билдиришкендей, тийиштүү күбөлүктү палатанын президенти Темир Сариев тапшырды.

> Бектурган Калыбек уулу көп жылдан бери Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы бизнес байланышты өнүктүрүүгө салым кошуп келет. Ал бир катар инвесторлорду тартууда, бизнес-форумдарды жана эки өлкө ишкерлеринин жолугушууларын уюштурууда активдүү иш алып барган.

Жаңы дайындоо Кыргызстан менен Индиянын соода-экономикалык кызматташтыгын дагы да бекемдөөгө өбөлгө түзөт, - деп айтылат маалыматта. 

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/12/2.webp)