> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЕАЭБ өлкөлөрүнө товар экспорттоого кандай документтер керек?
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/12/04/ieaeb-olkoloruno-tovar-eksporttoogho-kandai-dokumienttier-kieriek/
- Published: 2025-12-04T09:24:17.000Z
- Updated: 2025-12-04T09:24:17.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Бизнес

**Мамлекеттик салык кызматы экспорттоочуларга ЕАЭБ өлкөлөрүнө товарларды экспорттоодо товарды коштоочу документтердин толук топтому болушу керектигин эскертет.** 

**Ведомстводон маалымдашкандай, милдеттүү документтерге төмөнкүлөр кирет:**

- экспорттоочу менен алуучунун ортосундагы келишим же контракт;
- эсеп-фактура;
- эл аралык товардык-транспорттук коштомо кагаз (CMR);
- таңгактоо баракчалары;
- СТ-1 формасы боюнча келип чыгуу сертификаты;
- шайкештик сертификаттары же декларациялар;
- фитосанитардык же ветеринардык сертификат, ошондой эле үрөн продукциясынын шайкештик сертификаты (азык-түлүк жана айыл чарба продукциясын экспорттоо учурунда).

Бул талаптарды сактоо ЕАЭБ өлкөлөрүнө товарларды экспорттоодо кечигүү жана башка маселелердин болуусуна жол бербейт.

**Экспорттоочу менен алуучунун ортосундагы келишим** – бүтүмдүн шарттарын аныктоочу негизги документ. Анда бүтүмдүн предмети, баасы жана жеткирүү шарттары, аткаруу мөөнөттөрү, эсептешүүлөрдүн формасы, ошондой эле тараптардын башка укуктары жана милдеттери көрсөтүлөт.

**Эсеп-фактура** – товарларды сатууда, кызмат көрсөтүүдө же жумуштарды аткарууда таризделүүчү салык документи. Киреше, кыйыр салыктардын суммасы жана башка милдеттүү реквизиттер жөнүндө маалыматтарды камтыйт.

**Эл аралык товардык - транспорттук коштомо кагаз (CMR)** – эл аралык жүк ташууну тастыктайт жана жүк тууралуу маалыматтарды камтыйт.

**Таңгактоо баракчасы** – товардын ар бир партиясын коштоп жүрөт жана жүктүн саны, салмагы жана комплекттүүлүгү боюнча сандык маалымат камтылат. Таңгактоо баракчасынын аркасында партиянын ичиндеги таңгактарды ачпастан мазмунду текшерүүгө мүмкүндүк берет.

**СТ-1дин келип чыгуу сертификаты** – Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлар үчүн, СТ-1 алардын келип чыгышын тастыктайт. Ал ЕАЭБде товардын статусун тастыктоо үчүн же ЕАЭБден тышкары экспорттоодо талап кылынат.

Аны тариздөө үчүн Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы "Кыргызэкспертиза" мекемесине кайрылып, каттоодон өткөндүгү тууралуу документтерди, өндүрүштү тастыктаган документтерди жана материалдарды берүү зарыл. Текшерүүдөн кийин экспертиза актысы түзүлөт. Андан кийин арыз, келишим, электрондук эсеп-фактура жана ишеним кат берилет. СТ-1 сертификаты ар бир өзүнчө товар партиясына берилет.

**Шайкештик сертификаттары же декларациялар** – ЕАЭБдин техникалык регламенттерине туура келген товарлар үчүн талап кылынат. Документтер "Кыргызстандарт" тарабынан берилет. "Кыргызстандарт" үлгүлөрдү аккредитацияланган лабораторияга жөнөтүп, оң жыйынтык алынса, сертификат же декларация берет.

**Фитосанитардык сертификат** – өсүмдүктөрдү жана өсүмдүктөрдөн алынган продукцияларды экспорттоодо зарыл. Карантиндик зыянкечтердин жана оорулардын жоктугун тастыктайт. Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция тарабынан берилет. Ар бир партияга таризделет.

**Ветеринардык сертификат** – жаныбарлардан алынган продукциянын коопсуздугун ырастайт. Экспорттоочу ишканалардын ички реестринде катталып, "Тулпар" тутуму аркылуу арыз бериши керек. Документ "Бирдиктүү терезе" порталы аркылуу берилет. Үчүнчү өлкөлөргө экспорттоодо кошумча экспортко уруксат талап кылынат.

**Үрөн продукциясынын шайкештик сертификаты** – үрөндөрдүн сапат жана коопсуздук стандарттарына шайкеш келерин тастыктаган документ.

Бажы органдары ЕАЭБ Бажы кодексинин 108- жана 309-10-беренелерине ылайык салыктарды башкарууну жана бажы декларациясында көрсөтүлгөн маалыматтарды ырастоочу документтерди текшерүүнү жүзөгө ашырат.